Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Финляндиядагы кол салуудан эки адам набыт болду


Турку шаарынын кол салуу жасалган бөлүгүнө келген тез жардам унаалары. 18-август, 2017-жыл.
Турку шаарынын кол салуу жасалган бөлүгүнө келген тез жардам унаалары. 18-август, 2017-жыл.

Полиция билдиргендей, өлкөнүн батышындагы Турку деген шаарда 18-авгусnта бычак менен кол салуулар болгон. Андан кеминде эки адам өлүп, алтоо жаракат алган. Шаардын борбордук аянтына жакын жердеги окуянын террордук чабуул болуп-болбогону такталууда.

Жергиликтүү Helsingin Sanomat басылмасы кол салуудан кийин сегиз адам ооруканага жеткирилгенин, айрымдары оор абалда экенин кабарлады.

Полициянын маалыматына караганда, бул жердеги атышуудан кийин кол салууга шектүү делген бир киши кармалды. Учурда кол салууга тиешеси бар башка адамдарды кармоо боюнча операция жүрүп жатат.

Ал эми фин премьер-министри Юха Сипиля өкмөт дагы Турку шаарындагы окуяларга жана полиция операциясына жакындан байкоо салып жатканын, бул боюнча өкмөт бүгүн эле жыйын курарын Twitter баракчасы аркылуу билдирди.

Полиция бүгүнкү окуяларга байланыштуу борбор Хельсинкинин аэропортунда, темир жол станцияларында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн маалымдады. Финляндия шаарында бычак менен кол салуу алдында кечээ Испаниянын Барселона шаарында исламчыл согушкер деп шектелген адам көчөдөгүлөрдү унаа менен сүзүп 13 кишинин, ал эми Камбрильст деген шаарчада ушундай эл мүнөздөгү кол салуудан бир адамдын өмүрү кыйылган. (UE)

XS
SM
MD
LG