Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Бишкектеги жаңы конуштарды өнүктүрүүгө 300 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн


Бишкектеги Жеңиш жаңы конушу
Бишкектеги Жеңиш жаңы конушу

2017-жылы Бишкек шаарынын бюджетинен жаңы конуштарды өнүктүрүүгө 291 млн 300 миң сом бөлүнгөн. Ал эми мамлекеттик бюджеттен 65 млн сом берилген. Бул акча эл жыш жайгашкан жаңы конуштарга мектеп, бала бакча курууга жана суу түтүктөрүн киргизүүгө сарпталган. Бул тууралуу Бишкектеги коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Өткөн жылы ушундай эле максатта Бишкек шаардык бюджетинен 201 млн сом бөлүнгөн. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн эмес.

Борбор калааны айланта курчаган жаңы конуштардын саны элүүнүн тегерегинде. Көпчүлүгүндө жол, суу көйгөйү чечилген эмес, мектеп, бала бакча жана эмканалар жетишсиз. Жаңы конуштарда болжол менен 900 миң киши жашайт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG