Полиция бирок теракт болушу ыктымалдыгын да айтууда. Өлкөнүн батышындагы Турку шаарындагы кол салууга шектүү жана анын жардамчыларынын тек-жайы аныктала элек. Бычак менен куралданган кишини кармоо учурунда ал бутунан жараат алып, ооруканага жеткирилген.
Полиция билдиргендей, 18-августтагы кол салуудан кеминде эки адам өлүп, алтоо жаракат алган. Шаардын борбордук аянтына жакын жердеги окуянын террордук чабуул экени такталууда.
Жергиликтүү Helsingin Sanomat басылмасы кол салуудан кийин сегиз адам ооруканага жеткирилгенин, айрымдары оор абалда экенин кабарлады.
Бул окуяга байланыштуу Турку шаарында жана өлкө борборунда, аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.