Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:58

Мындай мазмундагы кайрылууну Социал-демократтар партиясынын ардагерлери жана апрель ыңкылабынын баатырлары президент Атамбаевге, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө жолдошту.

Кайрылууда "азыркы президенттик аппарат башчысы Сапар Исаковду өкмөт башчы кылып дайындоо менен бийлик апрель окуясын, анда каны төгүлгөндөрдү тебелеп, жок кылат" деп айтылган. Кайрылуу ээлери "Бакиевдердин бийлигин бекемдөөгө болгон күчүн жумшап, апрель окуясы учурунда Максим Бакиев менен бирге АКШда жүргөн адамга элдин тагдырын ишенүүгө болбойт" деп эсептешет.

Кайрылууга кол койгон "апрель баатырларынын" бири Бакыт Имановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бийликтин бул кадамы аларга жакпайт:

- Кайра эле Бакиевдин айланасындагы кишилерди бийликке коюп жатканы баягы эле акаевдик, бакиевдик системага алып келип жатпайбы. Эл буга нааразы.

Кайрыгууга кол койгондордун айрымдары "партиянын ички тартибин бузду" деген жүйө менен КСДПнын катарынан чыгарылган.


Буга чейин Исаков өкмөт башчы болот деген божомол тараган, бирок бул боюнча расмий маалымат жок. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого байланыштуу 21-августта кызматын тапшырат.

Кайрылуу боюнча КСДПдан жана Сапар Исаковдон жооп алууга азырынча мүмкүн болгон жок.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG