Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:15

ЕАЭБнин комиссиясы азык-түлүктүн ар кайсы түрлөрү боюнча биримдикке мүчө өлкөлөргө квота бөлүштүрдү. Бул тууралуу комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, Орусия менен Беларуска Вьетнамдан күрүч алып кирүүгө уруксат берилди. ЕАЭБ менен Вьетнамдын келишими боюнча, биримдик аймагына аталган өлкөдөн 10 миң тонна күрүч бажы төлөмдөрүсүз киргизилет.

Казакстан менен Кыргызстандын күрүчү өзүнө жетет деп табылган. Ошондой эле эт жана сүт азыктары боюнча квоталар берилди. Беларус 20 миң тонна чочко этин, 10 миң тонна тооктун жана 900 тонна күрптүн этин алат. Кыргызстанга 3,5 миң тонна бодо мал жана чочко эти, 58 миң тонна куш эти алып келинет.

Казакстанга 21 миң тонна бодо мал эти менен 140 миң тонна куш эти, Орусияга 570 миң тонна бодо мал эти, 430 миң тонна чочко жана 364 миң тонна куш эти менен 15 миң тонна сүт ириткиси кирет.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы 12-августта мүчө болуп кирген. Быйыл 12-августтан тарта Кыргызстанга карата биримдиктеги 18 техникалык регламент ишке кирип, талаптар катаалданган.(ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG