Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

АКШда көркөм өнөр комитети толук курамы менен кызматтан кетти


АКШнын борборундагы Капитолий. 4.5.2017.
АКШнын борборундагы Капитолий. 4.5.2017.

АКШ президентинин алдындагы көркөм өнөр жана гуманитардык илимдер боюнча комитет толук курамы менен кызматтан кетти. Мындай жол менен комитет президент Трамптын саясатына каршылыгын билдирүүгө аракет кылганын актёр Кэл Пенн Твиттердеги баракчасына жазды. Катка комитеттин 16 мүчөсү кол койгон.

Каттын ээлери президент Трамптын Шарлотсвиллдеги окуяга мамилесин сындашкан. Алар президент "террорчуларды жактайт" деп эсептеп, маданият департаментинин бюджетин кыскартканы үчүн айыпташты. Ошондой эле өлкөгө мусулман өлкөлөрүнүн жарандарын жана качкындарды киргизбөө чечимине макул эместигин билдиришти. "Басмырлоо жана текеберденүү америкалык баалуулуктарга жатпайт. Эгер бул сизге түшүнүксүз болсо, анда сизди да бийликтен кетүүгө чакырабыз" деп жазышкан кат ээлери.

Маданият өкүлдөрүнүн бул катын комментарийлеп жатып, Ак үйдөн Трамп август айынын башында эле көркөм өнөр комитетин таратуу боюнча чечим кабыл алганын маалымдашты.

Мурдараак президент Трамптын Шарлотсвилл окуялары боюнча билдирүүсүнө каршылыгын билдирген ишкерлер аны менен иштешүүдөн баш тартышкан. Көп өтпөй, президент Трамп өнөр жай өндүрүшү, стратегия жана саясат кеңешин таратуу тууралуу чечимин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG