Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Аба ырайы: Ысык-Көлдө суунун температурасы 20 градус


Синоптиктердин маалымдашынча, 20-августта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жана кээ бир тоолуу райондордо, тоо этектеринде жаан жаап, бийик тоолордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүзү 26…31 градус ысыйт.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19 градус жылуу болот.

Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүзү 24…29 градус ысык болот.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүзү 27…32 градус ысыйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүзү 18…23;

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүзү 19…24 градус жылуу болот.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүзү 7…12 градуска жылыйт.

20-августта Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 15…17, күндүзгү температурасы 27…29 градус ысык болот.

20-августта Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү температурасы 12…14, күндүзгү температурасы 18…22 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 18-августта күндүз 21, 19-августта эртең менен 20 градусту түздү.

XS
SM
MD
LG