Президенттин мурдагы кеңешчиси Калыкбек Султановдун жубайы Роза Султанова узак оорудан кийин дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.
Роза Султанова үч баланын энеси болчу.
Калыкбек Султанов 1998-2011-жылдары "Авангард-Стиль" курулуш компаниясынын башкы директору болгон, ал эми 2011-2015-жылдары Кыргызстандын Унаа жана байланыш министри болгон.
К.Султанов 2016-жылдын май айынан 2017-жылдын августуна чейин өлкө президентинин кеңешчиси болуп иштеп, өз арызына ылайык кызматынан кеткен.