Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Өзбекстан сыртка чыгууга виза берүү усулун жоёт


Өзбекстан бийликтери 2019-жылдын 1-январынан тарта жарандарына сыртка чыгуу үчүн виза берүү усулун жойо турганын жарыялады. Жарандарга чет мамлекеттерге чыгууга уруксат берүүчү кагаздын ордуна биометрикалык паспорттор берилет.

Азырынча биометрикалык паспорттордун мөөнөтү тууралуу маалымат жок.
Өзбекстандыктарга чет өлкөгө чыгуу үчүн бийликтен атайын уруксат кагаз берилип, ал паспортко чапталат. Виза эки жылга берилет.
Чыгуу визасынын баасы 30 доллардын тегерегинде.

Чыгуу визаларын жоюу демилгесин быйыл январь айында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев көтөрүп чыккан.

Чет мамлекетке чыгуу үчүн уруксат алуу тартиби мурдагы СССР маалында киргизилген. Авторитардык мамлекетке таандык бул ыкмадан Кыргызстан сыяктуу бир катар пост-советтик өлкөлөр 1990-жылдарда эле баш тартышкан.

Адатта, саясий көз карашы бийликтикине кайчы келген атуулдарга же ар кандай бюрократтык ыкмалар менен нечендеген карапайым кишилерге чет элге чыгуу визасы берилбей калса, андай атуулдар өздөрү бара турган багытта визасы болгонуна карабастан, өлкөнүн чек арачылары тарабынан чет мамлекеттерге чыгарылчу эмес.

XS
SM
MD
LG