Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

Транспорт министрлиги: Бишкек-Ош жолун оңдоо иштери жакында аяктайт


Бишкек-Ош жолун оңдоо учуру. Июль, 2017
Бишкек-Ош жолун оңдоо учуру. Июль, 2017

Бишкек-Ош жолунун 132-158-чакырымдарына асфальт төшөө иштери аягына чыкканын Транспорт жана жолдор министрлиги маалымдады. Мындан тышкары учурда жолдун айрым жерлериндеги чуңкурларды тегиздөө иштери жүрүүдө.

Магистралдын Суусамыр жайлоосундагы 57-58-чакырымдарына да асфальттын экинчи катмары төшөлүп бүткөн. Министрлик буга чейин Төө-Ашуунун эки тарабында тең жалпысынан 150 чакырымдан ашуун жол оңдолуп жатканын кабарлаган.

Бир ай мурда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен баратып жолдун абалына нааразылыгын билдирген. Ал трассаны көрүп чыккан соң ремонт мөөнөтүн үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн "Бишкек-Ош жолу" мамлекеттик дирекциянын ишин катуу сынга алып, жетекчиси Изат Токтомамбетовду кызматтан бошоткон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG