Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

АКШда жарандык согуш баатырларынын эстелиги алынууда


Генерал Роберт Линин эстелигин алуу учуру.
Генерал Роберт Линин эстелигин алуу учуру.

Американын түштүгүндөгү байманалуу окуу жайлардын бири Дьюка университетинин алдынан генерал Роберт Линин эстелиги 19-августта алынды. Ли 1861-1865-жылдары Американын түштүгүндө ири армиянын кол башчысы болгон.

Бир нече күн мурун эстеликтин бетин белгисиз бирөөлөр бузуп кетишкен, ал эми 18-августта кечинде Дарем шаарындагы Конфередерация жоокеринин эстелиги талкаланган. Вандализмге сегиз киши айыпталууда.

Дьюка университетинин ректору окутуучулар, окумуштуулар жамааты жана студенттер сенаты менен кеңешүүдөн кийин Роберт Линин эстелигин алып салууну чечкен. Генералдын эстелигин алуу жөнүндөгү Шарлоттсвилл бийлигинин токтому шаарда нааразылык толкунун жаратып, башаламандыктын чыгуусуна негиз берген.

Даллас, Лексингтон жана Жексонвилл шаарларынын бийликтери да эстеликтерди алууну көздөшүүдө. Балтимордун мэри Конфедерация баатырларына коюлган бардык эстеликтерди түн ичинде алып салууну буйруду. 18-августта Мэриленддин мыйзам чыгаруу жыйынынын алдында Рожер Тэйниге коюлган эстелик алынган. 19-кылымда Жогорку Сот болуп иштеген Тэйни кулчулукту колдогону белгилүү.

XS
SM
MD
LG