Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Донбасста жикчилдер карапайым тургундардын үйлөрүн аткылашты


Жикчилдер 19-августта Донецк облусунун Зайцев поселогун аткылашкан. Бир нече үй күйгөн. Бул тууралуу ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө боюнча биргелешкен борбордун украин кызматкерлери маалымдашты. Өлгөндөр жана жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.

Киевдин маалыматы боюнча, акыркы суткаларда жикчилдер Донбасстагы "тынчтык режимин" отуздан ашуун жолу бузушту. Маалыматка ылайык, аткылоодон украин аскери набыт болгон. Ал эми өздөрүн "Донецк эл республикасы" атап алган жикчилдер өкмөттүк аскерлер кырктан ашуун жолу аткылашты деп айыпташты.

Украинанын чыгышындагы согуштан үч жыл аралыгында үч миңден ашуун жай тургун набыт болду. Киев менен Батыш жикчилдерди колдогону үчүн Орусияны айыптап келет. Украинанын Башкы штабы жикчилдердин катарында беш миң чамалуу орус аскер кызматкери бар экенин маалымдаган. Москва бул айыпты четке кагууда.

XS
SM
MD
LG