Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Сооронбай Жээнбеков шайлоого байланыштуу кызматын тапшырары күтүлүүдө


Бүгүн, 21-августта өкмөт кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы окуу жылына даярдык маселесин талкуулайт. Ушул эле жыйында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого байланыштуу кызматын тапшыра турганын расмий жарыялайт. Бул маалыматты “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу ырастады.

Премьер-министр кызматтан кеткенден кийин президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алып, көпчүлүк коалицияга жаңы өкмөттүн курамын жана түзүмүн түзүүгө мандат тапшырышы керек. Андан соң Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу чечими кабыл алынат. Жогорку кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, парламент 25-августта кезексиз жыйынга чогулушу ыктымал.

Президенттик кызматка Жээнбековдун талапкерлиги 15-июлда КСДПнын курултайында көрсөтүлгөн. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, ал БШКдан президенттикке талапкер деген мандат алган соң кызматын тапшырууга же убактылуу четтеп турууга тийиш.

Буга чейин айрым талапкерлер Жээнбековдун жер-жерлерде эл менен жолугушуп, өкмөттүн пландары тууралуу айтып беришин үгүт катары баалашкан. Алар административдик ресурс колдонулуп, шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканын айтып, Борбордук шайлоо комиссиясына арызданышкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG