Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

ВИЧ-СПИД илдетине байланыштуу өкмөттүк угуу өтөт


Кыргызстанда ВИЧ-СПИДди алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана ооруга байланыштуу соңку жагдай тууралуу бүгүн, 21-августта өкмөттүк угуу болот.

Жыйында быйыл сентябрда Бишкекте өтө турган эл аралык конференцияга даярдык маселеси да каралмакчы. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Руспубликалык СПИД борборунун директорунун орун басары Айбек Бекболотов билдирди.

2021-жылдан тарта кыргыз өкмөтү ооруга каршы өзү аракет көрүшү керек. Бул жаатта улуттук программа да иштелип чыккан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жана башка эл аралык донорлор 2018-жылдан тарта ВИЧти алдын алуу боюнча Кыргызстанды каржылоо токтотуларын эскерткен. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2020-жылга чейин улантылмай болду. Алдын алуу жана дарылоого 3,7 миллион доллар берилмекчи. Мындан он жылдай мурун 9 миллион долларга чейин бөлүнгөн.

Соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жети жарым миңдей адам ушул инфекция менен каттоого алынган. Анын 7103ү кыргыз жарандары. Бейрасмий эсепте сегиз жарым миңден ашат. Оорулуулардын дээрлик жарымын аялдар түзөт. Дарт жуккан балдардын саны 597.

Ушул күнгө чейин ВИЧ жуккандар арасынан 1640 адам көз жумду. (SE)

XS
SM
MD
LG