Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында бийлик административдик ресурсту колдонуп жатат деген пикирге кошулбайт. Бул тууралуу ал бүгүн Өкмөт үйүндөгү пресс-конференцияда "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып айтты.
- Мурдагы шайлоолор менен азыркыларды салыштырып көрсөңөр болот. Азыр ар бир адамдын добушу эске алынууда, ошого күрөш жүрүп жатат. Мен 10-сентябрга чейин дагы, андан кийин да ордумда отурсам болмок. Бирок баарына бирдей шарт болсун деп кетип жатам.
БШК бүгүн Жээнбековду президенттикке талапкер кылып расмий каттагандан кийин ал өкмөт жыйынын өткөрүп, премьер-министрлик кызматын тапшырып жатканын жарыялады.
Шайлоо 15-октябрда өтөт.
Буга чейин жарандык коом өкүлдөрү КСДП партиясы көрсөткөн талапкер Жээнбековдун эл менен жолугушуулары талапкерлер ортосундагы тең укуктуулукту бузат жана жер-жерлерде бийлик административдик ресурсту колдонуп жатат деп нааразылык айтып келишкен.
Жээнбековдун айтымында, бүгүн түштөн кийин ал президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, кызматын тапшыруу тууралуу арызын берет. (TSh/RK)