Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:55

Орусия Сладкое көлү Казакстанга өттү деген маалыматтарды четке какты


Сладкое көлүнүн спутниктен тартылган сүрөтү.
Сладкое көлүнүн спутниктен тартылган сүрөтү.

Туристтер арасында популярдуу Сладкое көлү Казакстанга толугу менен берилгени тууралуу кабарлар акыркы аптада орус жана казак маалымат каражаттарында чыгып жаткан эле.

Новосибирск облустук кеңеши эми мындай маалыматтарды “болбогон кеп” деп атоодо.

Облустук думанын төрага орун басары Андрей Панферов “Коммерсанть” басылмасы менен маегинде “биз суверендүү аймагыбыздын бир бөлүгүн жөн эле берип коюшубузду кантип элестетүүгө болот?”- деп белгиледи.

Өзү Орусия менен Казакстандын чек арасы Сладкое көлү аркылуу өтөт.

Казакстандын Орусиядагы элчилиги да көлгө көзөмөлдүн макамы өзгөрбөгөнүн ырастап, алардын чек арачылары азыр орус тарап менен чек ара белгилерин оңдоо үстүндө гана иштеп жатышканын кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG