Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Көк бөрү: Кыргызстан-Монголия 4:0


Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан менен Монголиянын көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат. "Казанат" ат майданында башталган мелдеште Кыргызстан Монголия менен беттешип, 4:0 эсебинде Кыргызстандын командасы алдыга чыкты. Оюн 20 мүнөттөн эки таймга созулду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей оюндагы голдор Кубаныч Султан уулу, Аскат Батырбек уулу (2) жана Урмат Раушан уулуна таандык.

Буга чейин оюнга чыгар алдында кыргызстандык оюнчуларга аттардын арткы туяктарындагы такаларды алуу талабы коюлган. Талапка баш ийбегендиктен кыргыз көк бөрүчүлөргө 0:7 эсебинде техникалык утулуш жазылган. Кийин башкы калыстардын коллегиялык жыйыны болуп кыргызстандыктарга аттын такасын чечпей оюнга катышууга уруксат берилген.

22-августта мелдештин экинчи турунда Кыргызстан менен Өзбекстан командалары беттешет.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугу 28-августка чейин уланат. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойношот. (ECh/КЕ)

XS
SM
MD
LG