Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:55

Барселонадагы кол салуу үчүн шектүү Европа боюнча изделүүдө


Издөөдөгү Юнус Абуякуб Барселонада элди сүзгөн унаанын айдоочусу болгон деп шектелүүдө.

Испан полициясы изделип жаткан теги мароколук Юнус Абуякуб Францияга өтүп кетиши мүмкүн деп болжолдоодо. Полициянын эсебинде, ошондой эле Барселонадагы кол салууга тиешеси бар террордук түйүндүн кеминде 12 мүчөсүнүн ичинен учурда жалгыз Абуякуб гана качып жүрөт.

Алардын төртөө камакка алынса, бешөө Барселонадан алыс эмес Камбрильс шаарчасында атып өлтүрүлгөн, экөө Альканар деген шаарчадагы үйдө газ баллондордун жарылуусунан мерт болгон.

Испан бийликтери ошондой эле Барселонадагы кол салуу Альканар шаарчасында, 16-августта жарылуу болгон үйдөн даярдалган деген ишенимде.

17-август күнү Барселонанын туристтерге жык толгон Рамбла көчөсүндө минивэн үлгүсүндөгү автоунаа адамдарды сүзүп, 13 киши мерт болгон.

Учурда бир мүчөсү изделип жаткан террордук түйүндүн мүчөлөрүнүн кол салуусунан башка дагы эки адамдын өмүрү кыйылып, курмандыктардын жалпы саны 15ке жетти. (UE)

XS
SM
MD
LG