Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:54

Путин ЕБ санкция салган дипломатты АКШга элчи кылып дайындады


Анатолий Антонов.
Анатолий Антонов.

Орусиянын АКШдагы элчилик кызматына дайындалган ардагер дипломат Анатолий Антонов Евробиримдиктин "кара тизмесине" 2015-жылдын февралында кошулган. ЕБ анда Орусиянын Крымды аннексиялашына жана Украина чыгышында куралдуу жикчилдерди колдогонуна катышы бар дегендерди бутага алган эле.

2011-2016-жылдардын аралыгында Орусиянын коргоо министринин орун басары кызматын аркалаган Антоновго Канада менен Украина да санкция киргизген.

62 жаштагы Антонов Орусиянын агрессивдүү тышкы саясатынын жактоочусу жана курал көзөмөлү өңдүү маселелерде катаал сүйлөшүүчү катары белгилүү. Акыркы кездери тышкы иштер министринин орун басары кызматын аркалап жаткан Анатолий Антоновдун АКШдагы элчилик кызматка дайындалганы 21-августта жарыяланды. Ал бул кызматта Вашингтондо 2008-жылдан бери элчи богон Сергей Кислякты алмаштырат.

Кисляктын 2016-жылы АКШ президенти Дональд Трамптын ошол кездеги шайлоо штабынын айрым мүчөлөрү менен жолугушуулары Орусиянын АКШ президенттик шайлоосуна кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн алкагында каралып жаткан маселелердин бири. (UE)

XS
SM
MD
LG