Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кабулда элчилик жанында жарылуу болду


Ооганстандын борбундагы чет өлкөлөрдун дипмиссиясы жайгашкан райондо жардыруу болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыкты. Азырынча жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу маалымат айтылган жок.

Жардыруу боюнча жоопкерчиликти эч бир уюм өзүнө ала элек. Reuters соңку убакты Ооганстанда “Ислам мамелкети” жана Талибан террористтик уюму активдүү экенин жазды.

Жардыруу АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялар алдында болду.

Быйыл 31-майда Кабулдагы дипмиссиялар жайгашкан райондо жанкечти өзүн өзү жардырып, 150 киши каза болгон. 300дөн ашууну жараат алган. Ал үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук уюму алган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG