Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Шайлоо-2017: өкмөт башчы кызматтан кетти


Кыргызстандын Өкмөт үйү.
Кыргызстандын Өкмөт үйү.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өкмөттүн кызматтан кеткендиги жөнүндөгү жарлыкка кол койду.

Анда "премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү арызы кабыл алынсын, өкмөт кызматтан кетти деп эсептелсин", - деп айтылат.

Мухамметкалый Абулгазиев. 9.11.2016.
Мухамметкалый Абулгазиев. 9.11.2016.

Башка бир президенттик жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруу Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин – Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Дүйшекеевич (Дюшекеевич) Абулгазиевге жүктөлдү.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьерлер, өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну жаңы өкмөт курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

22-августта президент Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракцияларынын лидерлери - КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жана “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен жолугушуу өткөрүп, аларга Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбековго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамын тез арада түзүү максатында 2017-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу кат менен кайрылганын маалымдады.

Мурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду бийликтеги КСДП партиясынын курултайы быйыл 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөткөнүнө байланыштуу ал 21-августта кызматтан кетүү тууралуу арызын мамлекет башчыга тапшырган.

Кыргызстандагы президенттик шайлоодо атаандаш талапкер катары чыгып жаткан саясатчылар С.Жээнбековду премьерликтен тез арада кетүүгө чакырышып, өлкөдөгү акимдик башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн ал өз талапкерлиги үчүн тымызын колдонуп жатат деп айыпташкан. (RK)

XS
SM
MD
LG