Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Шайлоо-2017: Өкмөт башчынын милдетин аткаруу Мухамметкалый Абулгазиевге жүктөлдү


Мухамметкалый Абулгазиев. 9.11.2016.
Мухамметкалый Абулгазиев. 9.11.2016.

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруу өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиевге жүктөлдү. Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 22-августта кол койду. ​

Ага чейин президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн кызматтан кетиши жөнүндөгү жарлыкка кол койгон.

Анда "премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүү арызы кабыл алынсын, өкмөт кызматтан кетти деп эсептелсин", - деп айтылат.

Бардык өкмөт мүчөлөрү мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык милдеттерин аткарууну жаңы өкмөт курамы түзүлгөнгө чейин улантмакчы.

Сооронбай Жээнбековду бийликтеги КСДП партиясынын курултайы быйыл 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого талапкер кылып көрсөткөнүнө байланыштуу ал 21-августта кызматтан кетүү тууралуу арызын мамлекет башчы А.Атамбаевге тапшырган. (RK)

XS
SM
MD
LG