Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Атамбаев башкаруучу коалиция лидерлери менен шайлоону талкуулады


Президент башкаруучу коалиция лидерлери менен. 22.08.2017
Президент башкаруучу коалиция лидерлери менен. 22.08.2017

"15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоо шартында мамлекеттик аткаруу бийлиги кыйла туруктуу жана натыйжалуу болушу керек" деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракция лидерлери менен жолугушууда.

- Ушуга байланыштуу мен Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго өкмөттүн жаңы курамын түзүү максатында 25-августта Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу кат менен кайрылдым, - деп билдирди президент.

Атамбаев шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү менен бирге жаңы өкмөттүн алдында кышка даярдык жана күзгү талаа жумуштарын өткөрүү боюнча маанилүү милдеттер турганын баса белгиледи.

Президент менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жана “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов катышышты. (RK)

XS
SM
MD
LG