21-августта Ростов-на-Дону шаарында тутанган өрттө жабыркагандардын саны 45ке жетти. Жети адам ооруканага жаткырылды. Тилсиз жоодон 100гө чукул үй күйүп, шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
"Ачык Орусия" кыймылынын маалыматына ылайык, өрт чыккан аймакта 2018-жылы өтө турган футболдук чемпионаттын коноктору үчүн мейманкана куруу боолголонуп жаткан. Кыймылдын белгилешинче, дал ушул аймактагы жер тилкелерин сатууга каршы чыккан жергиликтүүлөрдү мейманкана кура турган компания "үйүңөрдү өрттөп жиберебиз" деп коркуткан.
Шаар прокуратурасы калаа борборунда тутанган өрт боюнча иликтөө иштерин баштады. Орусиянын ТАСС агенттиги күч тармактарындагы булактарына таянып, тилсиз жоо электр зымдарындагы мүчүлүштүктөн улам чыкканын жазды.