Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламентти кезексиз жыйынга чакырды. Жыйын 25-августка белгиленди.
Кезексиз сессия чакыруу тууралуу кат менен парламентке бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кайрылган. Ал парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракция лидерлерин кабыл алып, "15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоо шартында мамлекеттик аткаруу бийлиги кыйла туруктуу жана натыйжалуу болушу керек" деп билдирген.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер болуп көрсөтүлүүдө. Бүгүн ал жана анын кабинети отставкага кетти.
Мыйзам боюнча өкмөт отставкага кеткенден кийин жаңы курамды парламент түзүшү керек.
Жаңы өкмөт куралганча бардык министрлер милдетин аткарууну уланта берет, ал эми премьер-министрлик кызматты аткаруу биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиевге жүктөлдү. (UEz/RK)