Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 21:23

Ошто экс-депутат эки жаранды кулчулукта кармаган деген билдирүү жасалды


Райкан Салиева неберелери Эрлан жана Элдар менен

Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда Ноокат райондук ооруканасын жетектеп турган Асамидин Мариповду жана анын уулдарын эки баланы бир нече жылдан бери кулчулукта кармаган деген айыптоо айтылды.

Бүгүн өзүн Райкан Салиева деп тааныштырган жергиликтүү тургун маалымат жыйын куруп, бой жетип калган неберелери Эрлан жана Элдарды Мариповдордун үй-бүлөсү 2,5 жылдан бери кулдай кармап келгенин билдирди. Үй, паспорт алып берип, окутуп, ай сайын беш миң сомдон айлык беребиз деген убадасын аткарбаганын, балдардын кийим-кечеси жаңыртылбай, алар мал сарайдагы акырда түнөп жүргөндөрүн айтты.

“Азаттык” Мариповдун өзү менен байланышканда ал балдар дүкөндөн уурулук кылып камала турганда өзүлөрү келгендиктен зыянын төлөп, куткарып калганын, келишим боюнча иштетип, окутуп, экөөнө тең беш миң сомдон айлык төлөнгөнүн, атасы каза болгондо каржылык жардам бергенин, балдар алардан качып кеткенин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен 30-июль дүйнө жүзүндө адам сатууга каршы күн деп жарыяланган. Быйыл бул өнөктүктүн алкагында Кыргызстанда 31-июлдан тарта адам сатууга жана кулчулукка каршы бир айлык акция жүрүп жатат.

Асамидин Ариповдун уулдары: Улукбек учурда Кыргызстандын Эсеп палатасын жетектейт, ал эми Бакытбек окуя болуп жаткан Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы. (YI/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG