Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Бишкекте ак илбирстин айкели орнотулду


Ак илбирстин айкели жаштар аллеясына коюлду
Ак илбирстин айкели жаштар аллеясына коюлду

Бишкекте ак илбирстин айкели орнотулду. Улуттук филармониянын жанындагы Жаштар аллеясына коюлган айкелдин салтанатуу ачылышы бүгүн өттү. Ага премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев, борбор калаанын вице-мэри Айгүл Рыскулова, шаар тургундары, жаштар катышты.

Рыскулова ак илбирс Бишкектин туусунда жана гербинде тартылганын, байыртан бери бул жаныбарды кыргыздар ыйык деп атап келгенин белгиледи.

24-25-августта Кыргызстанда ак илбирсти сактап калуу маселесине арналган эл аралык жыйын өтөт.

Кыргызстанда учурда ак илбирстердин так саны анык эмес. Болжол менен үч жүздүн тегерегинде экени айтылып жүрөт.

Адистердин айтымында, илбирстердин так эсебин чыгарууга техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү. Буга чейин ак илбирске аңчылык кылгандарга 500 миң сом айыппул салынса, эми жаңы мыйзам долбоору боюнча анын көлөмү бир жарым миллион сомго көтөрүлөт. (RK)

XS
SM
MD
LG