Кеңсеси Бишкекте жайгашкан "Сентябрь" санарип телеканалы Жалал-Абадда мурда иштеп турган ушундай эле аталыштагы аналогдук каналга тиешеси жок деп билдиришти бүгүн соттук отурумда санарип каналдын өкүлдөрү.
Башкы прокуратура Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна "Сентябрдын" эфиринен Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген көрсөтүү чыккан деп арызданган. Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун Жалал-Абаддагы “Сентябрь” аркылуу сүйлөгөнү негиз болгон.
Соттук териштирүү бүгүн башталды. Ага УКМКнын, Башкы прокуратуранын, Байланыш агенттигинин өкүлдөрү катышууда.
"Сентябрдын" адвокаты жана атайын өкүлү жок болгондуктан отурумга башкы редактор Канышай Мамыркулова катышып жатат. Ал өзүн жаман сезип, "Тез жардам" чакыртылды.
Былтыр Капаров "Сентябрга" маегинде Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын Июнь калабасына бөлүнгөн акчаны жеп алган деп айыптаган. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат деп атап, Капаровду сотко берип, утуп алышкан.
Милициянын полковниги Абдылда Капаров 2010-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.
Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрелинен бүгүнкү күнгө чейин премьер-министрлик кызматты аркалады. Ал 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер. Ал эми Асылбек Жээнбеков мурда Жогорку Кеңештин төрагасы болгон, азыр ал КСДП фракциясынан депутат.
Жалал-Абаддагы “Сентябрь” былтыр жабылган.
Бирок айыптоочу тарап азыркы "Сентябрь" телеканалы мурдагынын негизинде, кайра катталгандан кийин иштеп жатканын жүйөө келтирүүдө. (UEz/RK)