Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Басма сөз эркиндиги: Сот "Сентябрдын" ишине тыюу салды


Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Мындай чечим бүгүн (22-августта) Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынды.

Сотко Башкы прокуратура кайрылган. Анын арыздануусуна мурда Жалал-Абат шаарында чыгып турган "Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат чыкканы негиз болгону айтылды.

Жоопкер тарап катары катышкан Бишкектеги "Сентябрь" санарип каналынын өкүлдөрү мурдагы аналогдук каналга эч тиешеси жок экенин айтышты. Бирок прокурор санарип канал мурда Жалал-Абатта иштеп келген "Сентябрь" сыналгысынын негизинде кайра каттоодон өтүп иштеп жаткан маалымат каражаты экенин жүйөө катары келтирди.

Былтыр Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров Жалал-Абаттагы “Сентябрдын” түз эфири аркылуу сүйлөп жатып, Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын этностор аралык июнь калабасынан кийинки акча каражатын "жеп алган" деп айыптаган. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат деп атап, Капаровду сотко берип, утуп алышкан.

Милициянын полковниги Абдылда Капаров 2010-жылдын апрель айынан июнь айына чейин Ош облустук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган.

Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын апрелинен бүгүнкү күнгө чейин премьер-министрлик кызматты аркалады. Ал 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого КСДП партиясынан бирдиктүү талапкер катары сунушталган. Ал эми анын иниси Асылбек Жээнбеков мурда Жогорку Кеңештин төрагасы болгон, азыр ал КСДП фракциясынан депутат.

Жалал-Абаттагы “Сентябрь” каналы былтыр жабылган. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG