Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:32

Балакай ыйы, эненин укугу...


Балакай ыйы, эненин укугу...
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:25:40 0:00
Түз линк

Интернетте он жашар баланы талашкан эки аялдын видеосу жарыяланды. Анда чоң апасына качкан баланы энеси күчтөп автоунаа менен алып кетүүгө аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Окуяны талкуулаган интернет колдонуучулардын бир тарабы баланын чоң энесин, экинчи тарабы апасынын таламын талашып, ачуу пикирлерди жазып жатышат. Кыргыз коомунда ар кандай турмуштук сыноого туш болгон үй-бүлөдөгү балдардын укуктарына, тагдырына, алардын психологиялык абалына канчалык маани берилет? “Арай көз чарай” талкуубузда ушул маселени талкууладык. Берүүгө Социалдык коргоо министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башчысы Жаңыл Жумабаева жана Балдарды коргоо борборунун жетекчиси Таалайбек Жакыпов катышты.

XS
SM
MD
LG