Футбол боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук курама командаларынын Ташкенттеги беттеши жабык өтөт. 25-августта "Бунёдкор" стадионундагы оюнга күйөрмандар киргизилбейт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова билдирди.
Учурда аталган стадиондун карамагындагы оюн талааларында футболчулар беттешке даярдык көрүп жатышат. Кыргызстандын курамасы 20-августта Өзбекстанга жөнөп кеткен. 21-августта алгачкы машыгууларын өткөрүштү.
2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тандоо оюндарында Өзбекстан 31-августта Кытай, 5-сентябрда Түштүк Корея менен ойнойт. Ал эми Кыргызстан 2019-жылдагы Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында 5-сентябрда Мьянма курама командасы менен беттешет. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Эки команданын жооптук беттеши 10-октябрда Мьянмада болот. (ECh)