Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Сот Текебаевдин кол тамгасына байланыштуу БШК чечимин күчүндө калтырды


Бишкектин райондор аралык соту “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчүн четке кагып, БШК чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын юристи Канатбек Азиз билдирди. Эми адвокаттар Жогорку Сотко кайрылышарын билдирди.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 17-августта Өмүрбек Текебаев топтогон кол тамгалар жараксыз деген чечим чыгарган. Ага топтолгон 30 миңден ашуун кол тамганы чогултууда шайлоо мыйзамдары сакталбаганы себеп болгону айтылган.

Партиянын юристтери БШК чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган болчу.

Депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов "Мегаком" чыры боюнча айыпталып, быйыл февралда кармалган. 16-август күнү Биринчи Май райондук соту экөөнү тең айыптуу деп таап, ар бирин сегиз жылдан эркинен ажыраткан. Саясатчылар муну бийликтин куугунтугу деп эсептешет.

Президенттикке талапкер катары БШКга арыз жазган Текебаев 17-августта мамлекеттик тил сынагын убактылуу абакта тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG