Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 14:19

Кыргызстандагы Next TV санарип телеканалы Астанада өтүп жаткан көк бөрү мелдештерин бүгүнтөн тарта интернеттеги баракчалары аркылуу түз эфирде көрсөтүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган каналдын өкүлдөрү кабарлашты. Журналисттер жана техникалык топ Астанага бүгүн эртең менен саат 8де учуп кетти.

Алар саат 11де баштала турган Кыргызстан:Түркия оюнуна жетишип калууга аракет жасашмакчы.

“Уруксат алуу жагынан чемпионаттын уюштуруучулары менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзүлгөн жок, бирок биздин команда өкүлдөрү маселени жеринен чечип берүүгө убада берип жатышат” деп билдиришти Next TV каналынын журналисттери.

Көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 21-августта Астананын "Казанат" ат майданында башталган.

22-августта Кыргызстан Өзбекстанды 11:2 эсебинде уткан. Ага чейинки күнү Монголия менен ойноп, оюн 4:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталган.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган бул чемпионат 28-августка чейин уланат. Ага 12 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойноп жатышат. Кыргызстан Монголия, Өзбекстан, АКШ, Түркия жана Тажикстан командалары менен "А" тобуна бөлүнгөн. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG