Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

"Алтай конушу” көргөзмөсүн уюштургандар сыйланды


"Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер" эл аралык форумунун ачылышы
"Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер" эл аралык форумунун ачылышы

21-22-июлда Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылындагы Курманжан Датка атындагы көчмөн цивилизациясы борборунда болуп өткөн “Алтай конушу” көргөзмөсүн уюштуруучулар президент Алмазбек Атамбаевдин ыраазылык каты жана атайын сааттар менен сыйланышты.

Сыйлык көргөзмөнү жогорку деңгээлде уюштурууда өзгөчөлүк көрсөткөн куруучуларга, дизайнерлерге, кеңешчилерге, мамлекеттик жана жергиликтүү органдардын кызматкерлерине берилди. Сыйлыкты президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков 23-август күнү Ак үйдө тапшырды.

"Алтай конушу" көргөзмөсү алтай элдеринин каада-салтын, жашоо-турмушун чагылдырган стилде жасалып, анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев катышкан.

Көргөзмө "Алтай цивилизациясы жана алтай тектүү элдер" эл аралык форумунун алкагында уюштурулган. Расмий маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнгө чейин ага 8500 киши келип кетишти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG