Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху орус президенти Владимир Путин менен жолукканда Ирандын Сириядагы аскердик аракеттери тууралуу маселени көтөрөрүн билдирди. Ал Путин менен 23-августта Кара деңиздин жээгиндеги Сочи шаарында кездешет.
Сирияда жети жылга аяк баскан жарандык согушта Иран менен Орусия президент Башар Асадды колдоп келет.
"Сирияда аскердик базаларын калыптандырууга аракет кылып жаткан Ирандын маселесин көтөрөм. Ирандын агрессиясы өзөктүк келишим кабыл алынгандан бери жок болуп кетпегени көрүнүп турат", - деди Нетаняху 22-августта.
Иран көптөн бери касташып келаткан Израилдин кайталанган айыптоолоруна жооп берген жок. Жакында Израилдин маалымат каражаттары спутник сүрөттөрүнө шилтеме жасап, Иран Сирия менен Ливандын чек араларында курал заводдорун курууга жардам берип жатканын кабарлап чыгышкан.