Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:47

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү Түркияны 13:3 менен утту


21-августта башталган таймаштар Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө
21-августта башталган таймаштар Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө

Көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпионатында бүгүн Кыргызстан Түркияны 13:3 эсебинде утту.

21-августта башталган таймаштар Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө.

22-августта Кыргызстан Өзбекстанды 11:2 эсебинде уткан. Ага чейинки күнү Монголия менен ойноп, оюн 4:0 эсебинде Кыргызстандын пайдасына жыйынтыкталган.

ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган бул чемпионат 28-августка чейин уланат. Ага 11 команда: Өзбекстан, Кыргызстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Орусия, Венгрия, Кытай, Ооганстан жана Казакстан катышып, эки тайпага бөлүнүп ойноп жатышат.

24-августта Кыргызстан Тажикстан менен ойнойт. Андан кийин АКШ командасы менен беттешүү калат. (ECh)

XS
SM
MD
LG