Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:19

24-августтун аба ырайы


24-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Алай өрөөнүнүн батыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29;

Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12, күндүз 18...23;

Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 6...11;

​Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29°.

XS
SM
MD
LG