Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Спорт: Кытайда Дарья Маслова алтын медал утту


Кыргыз жеңил атлетчиси Дарья Маслова.
Кыргыз жеңил атлетчиси Дарья Маслова.

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытай Тайбэйинде өтүп жаткан XXIX Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадада алтын медал утту. Ал 10 миң метр аралыкты 33 мүнөт 19,27 секундда чуркап өткөн. Күмүш байгени Индиянын спортчусу Жадхав Санживани Бабур, коло медалды дагы бир индиялык Ай Хосода утуп алды. Бул медал аталган жарыштагы Кыргызстандын алгачкы ири жеңиши.

Тайбэй шаарында өтүп жаткан XXIX Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага Кыргызстандан жети спортчу катышууда. Маалыматка караганда спортчулар таэквондо WTF, жеңил атлетика жана дзюдо боюнча мелдештерде күч сынашат. Аларды коштоп төрт машыктыруучу барган.

Жеңил атлетикадан Азиянын эки жолку чемпиону, XXVIII жайкы универсиаданын коло байгесинин ээси Дарья Маслова (10 000 м), Мусулман Жоламанов (800 м, 1500 м), дзюдочулар Баяман Сагымбай уулу (60 кг), Кристина Нежникова (78 кг), Өмүрбек Маткеримов – дзюдо (66 кг), Адилет Ганиев (73 кг), таэквондочу Марат Ниязов (58 кг) бар.

XXIX жайкы Универсиада 19-августтан 30-августка чейин өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG