Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:13

Аскадан кулап райондук ооруканага жаткырылган 6-класстын окуучусунун абалы туруктуу. Анын баш сөөгүнө залака кеткен, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Облустук милиция 20-август күнү кечинде райондун Авлетим айыл аймагынын Ой-Алма жайлоосунан кожогат терип келе жаткан үч аял аскадан кулап, окуя болгон жерде каза болушканын кабарлаган.

Каза болгондор Кара-Суу айыл аймагынын Чалдывар айылынын 50-59 жаштагы тургундары. Алар менен чогуу чыккан окуучу кыз азыр ооруканада. Маалыматтарга ылайык кожогат тергени барган аялдар кечкисин артка кайтышып, 60 метр бийиктиктеги аскадан кулап, экөө ошол жерде, бирөө ооруканага жетпей жан берген. Авлетим такой чарбасында 5 миң гектарга жакын аянтта кожогат өсөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG