Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:58

“Республика - Ата-Журт” өкмөт курамын жаңыртууга каршы болууда


Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясы өкмөттүн курамын өзгөртүп, жаңы премьер-министрдин дайындалышына каршы. Бул тууралуу “Азаттыкка” фракция мүчөсү Таабылды Тиллаев билдирди.

- Көпчүлүк коалиция премьерликке Сапар Исаковду көрсөтүп жатат. Бирок биз, азчылык, оппозиция катары партиябыздын лидери президенттикке чыгып жатканына байланыштуу ал кишини колдой албайбыз. Түздөн-түз шайлоодо административдик ресурс колдонуу максатында алып чыгып жатышат. Ошондуктан ортодогу киши катары Мухамедкалый Абулгазиев азыркы курам менен өзү шайлоо бүткөнгө чейин иштей бергени туура. Шайлоо башталганда жаңы премьер-министр алып келгени туура эмес. Президент таза шайлоо өтөт дегенден кийин азчылык оппозиция же ортодогу саясатчыларды койсо жакшы болот эле.

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясы, андан кийин көпчүлүк коалиция өкмөттүн жаңы курамынын долбоорун кароодо. Анда премьер-министрлик кызматка сунушталып жаткан Сапар Исаков өз программасы менен тааныштырат.

Аталган фракциянын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков биринчи вице-премьерлик кызматка Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов каралып жатканын “Азаттыкка” билдирген.

Көрсөтүлүп жаткан талапкерлер менен өкмөт курамын Жогорку Кеңеш 25-августта кезексиз жыйында карайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (КЕ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG