Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

КСДП өкмөттөгү сегиз жетекчини алмаштырууну сунуштоодо


Өкмөт үйү
Өкмөт үйү

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы бүгүн өкмөттүн жаңы курамын талкуулап, кеңешүү жыйынын өткөрдү. Курамга айрым орун алмашуулар сунушталып жатканын “Азаттык” радиосуна фракция мүчөсү Кожобек Рыспаев билдирди.

Анын айтымында, премьер-министрликке азыр президенттик аппаратты башкарып турган Сапар Исаков, биринчи вице-премьерликке Улуттук банк төрагасы Толкунбек Абдыгулов, экономика маселелери боюнча вицеликке азыр Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетти башкарып турган Дүйшөнбек Зилалиев, коопсуздук боюнча вицеликке Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров сунушталууда.

Ошондой эле айрым министрлик-мекемелердин башчыларын алмаштыруу жагы каралууда.

Маселен, экономика министринин кызматына учурда президенттик аппаратта экономика бөлүмүн жетектеп турган Артем Новиков, Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитетке азыр бул мекемеде жетекчи орун басары Улан Рыскулов жана Маалыматтык технологиялар, байланыш боюнча мамлекеттик комитетке учурда “Улуттук электр түйүнү” ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Нурбек Абаскановдун талапкерлиги каралууда.

Ал эми өкмөттүк аппаратка жетекчи кылып учурда Кадр кызматын башкарган Нурханбек Момуналиев сунушталууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG