Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:41

Кара-Балта суусуна эки тонна мазут төгүлүп кетти


"Жунда" заводу

Мазут "Жунда" компаниясына таандык экени айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкек-Ош жолунун 82-чакырымында аталган компанияга таандык күйүүчү май ташыган унаа менен дагы бир жүк ташуучу машина кагышкан.

Натыйжада күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, андагы эки тонна мазут дарыяга төгүлгөн.

Окуя болгон жерде ӨКМдин куткаруучулары, прокуратура жана башка тиешелүү кызматкерлер иштеп жатышат. Суудан пайдалануучу калкка кырсык тууралуу маалымат берилди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG