Жалпысынан ата-энелер мектептерге 79 млн сомдук жардам беришти. Каражат облустагы мектептерди оңдоо жана шартын жакшыртуу максатында берилген. Мындай маалымат облуста өткөн жыйын учурунда айтылды.
69 мектепке видео байкоочу камераларды да ата-энелер орнотуп берген. Бюджеттен быйыл 19 млн сом ремонт иштерине бөлүнгөн.
Жалал-Абад облусунда 460тан ашык мектеп бар. Быйыл дагы беш жаңы мектеп пайдаланууга берилет. (RsK)