Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:57

Сариев: "Сентябрды" жабуу сөз эркиндигине басым тенденция болуп баратканын айгинелейт


Темир Сариев

Президенттикке талапкер, “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев “Сентябрь” телеканалындагы соңку окуяларга байланыштуу расмий билдирүү жасады.

Анда “Шайлоо алдында бийликтин көзөмөлүндө болбогон телеканалдар дээрлик жок калды. Ал эми салык төлөөчүлөрдүн акчасына кармалып турган коомдук каналдар талапкерлер тууралуу маалыматтык материалдарды көрсөтүүдөн баш тартып жатышат. “Сентябрь” телеканалынын белгисиз себеп боюнча, өтө тез жабылышы сөз эркиндигине карата жасалып жаткан басым тенденцияга айланганын айгинелөөдө” деп айтылат.

22-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын “Сентябрга” карата доо арызын канааттандырып, анын теле жана радиопрограммаларына тыюу салуу, Интернеттеги көрсөтүүлөрүнө чектөө киргизүү тууралуу чечим чыгарган. Буга 2016-жылдын 29-сентябрында Жалал-Абаддан чыгып турган, кийин жабылып калган “Сентябрдын” эфиринен айтылган сөз себеп болгон. Анда Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын этнос аралык июнь калабасынан кийинки акча каражатын "жеп алган" деп айыптаган. Бирок Жээнбековдор бул айтылгандарды куру доомат деп атап, Капаровду сотко берип, утуп алышкан.

Учурда Бишкекте иштеп жаткан "Сентябрдын" өкүлдөрү ал көрсөтүүгө эч тиешеси жоктугун айтып, сот чечимин негизсиз куугунтуктоо деп атап жатат.

Ал эми сотко арызданган Башкы прокуратура бардык далилдер жетиштүү экенин айтууда.

Президенттикке дагы бир талапкер, Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да кечээ "Сентябрдын" жабылышы боюнча билдирүү жасап, "Бул альтернативдик маалымат булагын жок кылуу аракети жана президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир эте турган саясий акт" деп атаган.

Сот чечимине камтама болгон он чакты ири укук коргоо уюму да бул боюнча бүгүн Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоду.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG