Линктер

шейшемби, 19-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 04:35

Бекназаров: Мени Ташиев менен сүйлөштү деген аудио монтаждалган


Азимбек Бекназаров

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров ал тууралуу интернетте тараган аудиотасмага тиешеси жоктугун айтууда. Бүгүн Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ал: "Ташиев менен сүйлөштү деген аудио монтаждалган. Мен аны менен жекеме-жеке жолуга элекмин, тойлордо эле жолугуп жүрөм", - деди.

Жакында интернетте "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин сотунда күбө катары берилген көрсөтмө боюнча Бекназаров менен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүсү деген аудиотасма тараган. Бекназаровдукуна окшош үн: “Сөөгүн агарткыча калп айттым. Ар калпты айткан сайын "Кудай өзүң кечир" деп жаттым” деп сүйлөгөн.

Тасма монтаж экенин Ташиев да айткан.

Бир нече күндөн кийин comment.kg порталынын журналисти Раушан Айткулова (мурдагы тегаты - Рыкунова) интернетке видео тасма чыгарган. Анда сөздөрүн видеокамера жазып жатканын этибар албаган Азимбек Бекназаров биринчи тараган чуулгандуу аудиодогу сөздөрдү кайра айтып: "Сотто жыгылып жаткан кишини колдоюн деп калп айттым. Калп айткан сайын “Кудай өзү кечирсин” дедим деп балдарга да айтып бердим", - деп кайталаган.

(UEz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG