Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Шайлоо-2017: Президент болом дегендердин саны 45ке түштү


Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна кабарлашкандай, президенттик шайлоого катышуу максаты менен кайрылган 59 кишинин алтоону Боршайком жарыштан четтеткен. Үчөө өз каалоосу менен баш тартышкан.

24-августта дагы бешөө: Мукар Чолпонбаев, Марат Иманкулов, Алмазбек Каримов, Сагынбек Абдрахманов жана Замира Муратбекова шайлоого катышпай турганын жарыялашты. Алар бул кадамын президенттик жарыш таза өтөрүнө ишене албастыгы менен жүйөөлөшүүдө.

Азырынча алардан жарыштан четтегендиктери боюнча расмий арыз келип түшө электигин БШК маалымдады.

Бүгүн Таласта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушууда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргызстанда биринчи жолу таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылып жатат деп билдирди.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG