Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:24

Орусиянын Судандагы элчиси жүрөгү кармап каза тапты


Орусиянын Суданда көз жумган элчиси Миргаяс Ширинский.
Орусиянын Суданда көз жумган элчиси Миргаяс Ширинский.

Орусиянын Судандагы элчиси 23-августта баш калаа Хартумдагы резиденциясында жүрөгү кармап, көз жумганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Элчинин жүрөгү кармаганда элчиликтин кызматкерлери дарыгер чакырышкан. Тилекке каршы Миргаяс Ширинскийдин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес",-деди министрликтин өкүлү Мария Захарова.

Буга чейин АFP агенттиги жергиликтүү полиция кызматкерине таянып, Ширинский бассейнге түшүп жатып каза болгонун жазган.

62 жаштагы Миргаяс Ширинский 2013-жылдан бери Судандагы Орусиянын элчиси кызматын аркалап келген.

Ушуну менен соңку эки жыл ичинде Орусиянын алты элчиси көз жумду. Алты ай мурда Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин да жүрөгү кармап 65 жашында каза тапкан. Январь айында Индиядагы элчи Александр Кадакин Нью-Делидеги ооруканалардын биринде көз жумган. Ал эми өткөн жылдын соңунда Түркиядагы элчи Андрей Карловду Стамбулдагы көргөзмөнүн ачылышында атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG