Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:10

Казанда Навальныйдын штаб башчысы камалды


Элвира Дмитриева
Элвира Дмитриева

Казанда орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын жергиликтүү шайлоо алдындагы штабынын башчысы Элвира Дмитриева 10 күнгө камалды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун татар кызматы маалымдады.

23-августта Дмитриевага митинг өткөрүү эрежелерин экинчи ирет бузду деген айып тагылды. Полиция анын Навальныйды колдоого үндөгөн баракчаларды таркатуу чакырыгын мыйзамсыз деп тапты. Дмитриева өзү бул айыптоону четке кагууда.

Буга чейин Элвира Дмитриева 26-марттагы Казанда бийликтин уруксатысыз өткөн коррупцияга каршы митингге чыкканы үчүн кармалып, 10 миң рубль айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Алексей Навальный 2018-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышарын билдирген. Соңку бир нече айдан бери Навальныйдын штабдарында өлкө боюнча тинтүүлөр жүрүп, анда иштегендер ар кандай жүйөлөр менен камакка алынып жатканы маалым.

XS
SM
MD
LG