Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Активисттер Апрель курмандыктарынын эстелигинин алдында акция өткөрүштү


Жарандык активисттер тобу бүгүн Бишкекте Ак үйдүн жанындагы Апрель курмандыктарына коюлган эстеликтин алдына өкүрүп барып, акция өткөрүштү.

Активист Сапар Аргымбаевдин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, алардын мындай акцияга чыгышына өкмөткө сунушталып жаткан адамдардын талапкерлиги түрткү болду:

- Максимдин жардамчылары үчүн жанын берген эмес булар. Азыр болуп жатканды булар билбей кетишти, биз тирүү калып билип жатабыз. Жаныбыз кейигендиктен үн чыгарып келдик. 2010-жылы бир жыл түрмөдө отурдум эле. Ушундай болот деп ойлогон эмесмин. Бүгүн үмүтүбүз өлдү.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылган 2010-жылдын Апрель окуясында 90го жакын адам набыт кеткен.

Бүгүн Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы кеңешме жыйын өткөрүп, премьер-министрлик кызматка президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковду сунуштап жатканы белгилүү болду.

Исаков 2009-2010-жылдары мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев түзгөн Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте байланыш кызматын жетектеп иштеген болчу.

Кечээ ал Бакиевдер менен байланыштары тууралуу айыптоолорго “Бул абсурд, калп. Кыргыз элинин негизги душманы Максим Бакиев менен кантип байланышмак элем, андайды жашырып калуу мүмкүнбү?” деп жооп берди. (RK)

XS
SM
MD
LG