Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Опера жана балет театрынын сыртындагы айкелдер кайра коюлат


Опера жана балет театрынын алдында жаткан айкелдер. Сүрөт интернеттен алынды. Автору Ю.Чалова
Опера жана балет театрынын алдында жаткан айкелдер. Сүрөт интернеттен алынды. Автору Ю.Чалова

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сыртындагы айкелдер кайра ордуна коюлат.

Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна театрдын жетекчиси Болот Осмонов билдирди.

Театр бир жыл мурун оңдоп-түзөтүүгө жабылган.

Интернеттеги социалдык тармактарда театрдын фасадына коюлган скульптуралык ансамбль талкаланып жатканы айтылып, бул маалымат коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

Театр жетекчилиги жана курулушчулар имараттын чатырынан алынган айкелдер 45 күндүн ичинде баштапкы абалына келтирилип кайра орнотуларын айтууда.

1955-жылы пайдаланууга берилген театр имараты мамлекеттин архитектуралык тарыхый-маданий мурасы болуп эсептелет. Талап боюнча аны баштапкы калыбынан өзгөртүүгө болбойт. Бирок, бүгүнкү күндө архитектуралык эстеликтин чатырына коюлган айкелдердин көчүрмөсүн жасоо муктаждыгы келип чыкканын театр жетекчиси Болот Осмонов билдирди. (ZA)

XS
SM
MD
LG